Ошто каналга чөгүп кеткен 53 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды

Ош шаарындагы Южный каналына чөгүп кеткен 53 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, 20-август күнү саат 19:20 чамасында 1969-жылы туулган К.А. Южный каналына чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 10 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер жана тургундардан 4 адам тартылган.

Натыйжада саат 12:16да куткаруучулар тарабынан сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан