Биз социалдык тармакта

Чүйдө адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы. Айдоочу мас абалда кармалды

Панфилов районунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына мас айдоочу шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-август күнү Чүй облусунун Панфилов районунун 80-чакырымындагы Бишкек-Чалдовар унаа жолунда 1971-жылы туулган П.Э.нын башкаруусундагы Опел-Омега үлгүсүндөгү унаа менен 1979-жылы туулган К.К. аттуу жарандын башкаруусундагы Киа үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Натыйжада Кианын айдоочусу алган жаракатынан улам каза болгон. Ал эми Опел-Омега унаасынын айдоочусу П.Э. мас абалында болуп, каршы тилкеге чыгып кеткен.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Опел-Омега унаасынын айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан