Аскер институтунун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жүрүп октон каза болгон жоокердин өлүмү боюнча аталган аскер бөлүгүндөгү кароол жетекчиси Бишкек гарнизонуна эки айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.
"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 21-августундагы чечими менен Кубанычбеков А. Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына 20-октябрга чейин камакка алынды", - дешти мекемеден.
Эске салсак, 18-августта саат 22:10 чамасында Аскер институтунун окуу процессин камсыздоо батальонунда кызмат өтөгөн 2003-жылы туулган катардагы жоокер С.С. кароолдо турганда өзүн-өзү атып алгандыгын Коргоо министрлигинен билдирген. Ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза тапкан.
Айрым маалымат каражаттары жоокердин жакындарына таянып, ок чекесине тийгендигин жазып чыгышты.