Ошто Сириядагы террордук топ менен байланышы бар делген эки жаран эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундары 1958-жылы туулган К.К. жана 1975-жылы туулган А.И. интернет тармактары аркылуу Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдарга таандык болгон материалдарды жайылтып жүргөндүгү жана алардын Сирия мамлекетинде өкмөттүк күчтөргө каршы согушуп жүргөн жарандар менен байланышы бар экендиги аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Кармалган жарандарга карата Ош ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иштери аяктап, кылмыш иши Ош шаардык сотунун кароосуна жиберилген.
2022-жылдын 19-август күнү Ош шаардык сотунда козголгон кылмыш иши боюнча кароо аяктап, К.К. 1 жылга, ал эми А.И. 2 жылга эркинен ажыратылды.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний-экстремисттик жана террордук уюмдарга таандык болгон материалдарды жайылткандар жана үгүттөөчүлөр кылмыш жоопкерчилигине тартылат.