Төө-Ашуудагы тоннелдин ичинде бузулуп калган унаа чыгарылды

Бишкек-Ош жолундагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннелде бузулуп калган унаа чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-август күнү тоннелдин ичинде Mersedes Benz үлгүсүндөгү унаа бузулуп калган.

Жеринде нөөмөттө турган ӨКМнын Тоо-кен куткаруу кызматынын 6-өзүнчө мобилдешкен тоо- кен куткаруу взводунун тобу тартылып, унааны тоннелден чыгарып беришкен.

Маалымат боюнча жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан