Бишкек-Ош унаа жолунда эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каргашалуу кырсык 20-августта саат 19:35 чамасында аталган унаа жолдун 595-чакырымында, тактап айтканда Ош облусунун Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында орун алган. Анда Ноокат районунун тургуну 1975- жылы туулган К.И. өзүнүн Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаасынын рулуна ээ боло албай каршы тилкеге чыгып, ошол багытта келе жаткан Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Ч.Р.нын башкаруусундагы ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаасы менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1963-жылы туулган Ч.Р. жана анда жүргүнчү катары бара жаткан Сузак районунун тургуну 1972-жылы туулган Б.Ж. окуя болгон жерден каза болушкан. Ал эми Мерседес-Бенцтин ичиндеги 2 жүргүнчү жана ВАЗ-2107нин ичиндеги 1 жүргүнчү денелеринен жаракат алышып, Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилген.
Бул жол кырсыгы Өзгөн РИИБинин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.