Өзгөндө жөө жүргүнчүнү сүзүп алып из жашырып кеткен деген шек менен айдоочу кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ЖКККБнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 21-августта болжол менен саат 14:30 чамасында Өзгөн районунун Питомник айылында жергиликтүү тургун 1978-жылы туулган А.Ч.ны белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Натыйжада А.Ч. денесинен жаракат алып, Өзгөн райондук ооруканасына кайрылган.
Көрүлгөн ыкчам иш-аракеттердин алкагында окуя болгон жерден качып кетүүгө шектелип 1970-жылы туулган Х.Х. аттуу жаран Шевроле-Ланос үлгүсүндөгү унаасы менен ошол эле түнү саат 23:30 чамасында Өзгөн шаарындагы үйүнүн короосуна катып койгон жеринен кармалды.
Айдоочу Өзгөн РИИБинин тергөө кызматына жеткирилип, унаасы убактылуу айып короого токтотулду. Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экпертизалар дайындалды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.