Орусиянын Ульяновск облусунда катталган ири жол кырсыгы Орусияда 1983-жылдан бери каттала электиги айтылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.
"Эң негизгиси, биздин өзүбүздүн куткаруучуларыбызга чоң рахмат. Орусиянын ӨКМсы, жергиликтүү бийлигине рахмат, чоң жумушту кылышты. Анан авиакомпания учакты бекер берди, болгон чыгымы эле аэропорт акысы менен күйүүчү май болду.
Орусия дагы мындай массалык жол кырсыгы 1983-жылдан бери катталбаганын айтышты", - деди Ажикеев.
Бүгүн, 23-августта Ульяновскто катталган жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү Ошко алынып келинди.