Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында батирге уурулук жасаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-август күнү милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, түнкү саат 02:00 чамасында белгисиз жарандар батиринен жеке буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
"Жабырлануучуга 30 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. Тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип Чүй облусунун 35 жаштагы тургуну У.А. жана Жети-Өгүз районунун 16 жаштагы тургуну Н.А. кармалды.
Кармалгандар мындан сырткары дагы 9 ирет батирге уурулукка киргени аныкталды. Алардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнөн улам жабырлануучуларга жалпысынан 240 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин аныктоо үчүн кошумча тергөө иши жүргүзүлүп жатканы айтылды.