Ысык-Көлдө Чүйдүн тургуну 110 грамм баңгизат менен кармалды

Ысык-Көлдө Чүй облусунун тургуну баӊгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга райондун аймагында белгисиз жаран мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну 42 жаштагы Ж.З. кармалган.

"Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандын башкаруусундагы Тойота Клюгер автоунаасы Ананьево айылынын четинен токтотулуп, мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Анда шектүү өз ыктыяры менен целлофан баштыкка салынган жапайы кендирдин жыты бар күрөң-кочкул түстөгү өсүмдүктү өткөрүп берген. Анын салмагы 110 граммды түздү", - деп айтылат маалыматта.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында соттук-химиялык экспертизасы дайындалып, тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан