Кечээ, 4-декабрда “Космопаркта” “До+Фа” тасмасынын экинчи бөлүгүнүн бет ачары болду. Ага тасманын жаратуучулары, катышуучулары жана конок катары бир катар атактуулар чакырылган.
Тасманын ачылышы саат 19:00гө белгиленген эле. Бирок коноктордун кечигүүсү жана техникалык маселелерден улам тасма 21:00дөн өтүп көрсөтүлө баштады.