Орусия Тажикстан менен Кыргызстандагы базаларынын күжүрмөн даярдыгын жогорулатарын жарыялады

Ооганстандагы кырдаалдан улам Орусия Тажикстан менен Кыргызстандагы аскердик базаларынын күжүрмөн даярдыгын жогорулатат. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдиргенин Риа Новости басылмасы жазды.

"Биз Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскердик базалардын күжүрмөн даярдыгын жогорулатабыз. Ошондой эле мүмкүн болуучу кризистик кырдаалдарга жооп берүү үчүн башка күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатып жатабыз", - деген Шойгу.

Ал ИГИЛ жана Аль-Каида сыяктуу эл аралык террордук уюмдар активдешип жаткан Ооганстандагы кырдаал Борбор Азиядагы коопсуздук үчүн олуттуу чакырык бойдон каларын белгилеген.

"Өлкөдө уланып жаткан куралдуу тирешүүнүн фонунда социалдык-экономикалык абал начарлап, диний радикализм идеологиясы сиңип, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана чек арадагы кылмыштуулук гүлдөп жатат", - деп кошумчалаган Шойгу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан