Чүй облусунун Новопокровка айылында ичкиликтин айынан аялы күйөөсүн өлтүрүп алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Новопокровка айылында жансыз дене табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерээк каза болгон жаран 1978-жылы туулган Ш.О. экендиги такталган. Анын денесинен жаракаттар табылган.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары маркумдун аялы, 1983-жылы туулган Ш.Ю. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кылмыш ичкиликтен келип чыккан уруштун айынан болгондугу аныкталган.
Учурда тергөө уланып жатат.