Тамашоучу Медер Камчыбеков: "Махрга жубайыма дүкөн ачып бердим"
SUPER.KG порталында конокто тамашоучу Медер Камчыбеков жана жубайы Фатима Камчыбекова болду. "Баш кошконубузга жакында 2 жыл болот, 1 жарым жаштагы кызыбыз бар. Махрга жубайыма дүкөн ачып бердим", - дейт Медер
"Жубайым менен социалдык тармак аркылуу таанышкам. Алгач Тамашоуго кирүү үчүн билет сурап жазган, аны мен кийинчерээк көргөм. Ошентип бизди Тамашоу тааныштырды. Жубайымдын көп сапатын баалайм", - дейт Медер.
"Медерге Инстаграмдан жазганда жооп берерине ишенгем, себеби жөнөкөй экенин билчүмүн. Бир күнү эле Медер мага чалып "сүйлөп турчу мен жолдо унаа айдап бара жаттым эле" деп калды. Ошентип сүйлөшүп калганбыз", - дейт жубайы Фатима.