Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан курулуш материалдарын саткан дүкөндөн чыккан өрт саат 10:40та чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Буга чейин өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылганы айтылган.