Ошто көп кабаттуу үйдүн терезесинен тапанча аткан жаран кармалды

Ошто көп кабаттуу үйдүн терезесинен тапанча менен ок аткан жаран кармалды. Ал Кара-Суу районунун 21 жаштагы тургуну. Бул туурасында Ош ОИИБинен кабарлашты.
Милиция кызматы белгилегендей, 23-август күнү айрым интернет булактарында белгисиз жарандын көп кабаттуу үйдүн ачык турган терезеси аркылуу тапанчадан ок аткан кыска видеосу тараган.
Видеодогу жарандын аты-жөнү аныкталып, бүгүн 25-августта милиция бөлүмүнө алып келинди. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун 2001-жылы туулган А.уулу Б. аттуу тургуну болгон. Анын туруктуу иштеген жери жок болуп чыкты.
Ал өз көрсөтмөсүндө: "Быйыл январь айынын аяктарында Ош шаарындагы ХБК (Манас-Ата кичи району) тараптан көп кабаттуу үйдөн бир батирди суткага алып, досторум менен көңүл ачып отурганбыз. Мас элем. Менин жанымда сигналдык тапанча бар болчу. Ошону алып терезеден аттым. Анан ал видеону 23-августта Инстаграм баракчама жүктөгөн элем. Ал жерден башка адамдар алып таратып жиберишиптир. Туура эмес кылдым. Кечирим сурайм", - деген.
Ал эми сигналдык тапанчаны Бишкек шаарынан мергенчилердин атайын дүкөнүнөн сатып алгандыгын, сатып алуу үчүн эч кандай уруксат кагаздын кереги жок экендигин билдирген.
Учурда далил буюм катары тапанча алынды. Ал эми кармалган жарандын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп берилди.
бала
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан