Баткенде террорчуларга тиешеси бар тыюу салынган жамааттын мүчөлөрү кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жихадчылар жамаатынын 3 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын жашаган жерин тинтүү учурунда граната, ок-дарылар жана бычактар табылган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча ок-дарылар согуштук деп табылган.

Кармалгандардын бири Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын эки шериги боюнча теологиялык экспертизанын корутундусу чыгарылып, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөт.

Учурда ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан