Кара-Балта шаарында курулуш материалдарын саткан дүкөндөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 09:14төн тарта жалпы 3 бөлүм тартылып, өрт саат 10:40та чектөөгө алынган. Ал эми тилсиз жоо толук түрдө саат 16:25те өчүрүлгөн. Дүкөндөгү бардык курулуш материалдары жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кеткен.
Өрттүн жалпы аянты 3000 чарчы метрди түзөт. Бактыга жараша, өрттөн жабыркагандар болгон жок.