Ош шаарындагы СИЗО-5те айыпталуучу каза болду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-август күнү саат 16:30 чамасында СИЗОнун 25-камерасында отургандар дарыгерлерди чакыруу үчүн эшикти каккылашкан. Алар дарыгерлерге камерадагы айыпталуучулардын бири эс-учун жоготкондугун билдиришкен.
Абакта эс-учун жоготкон адам Кара-Суу районунун 1989-жылы туулган З.М.С. аттуу тургуну экени аныкталган. Ал СИЗО-5ке 22-августта келген. Ал келгенде медициналык текшерүүдөн өткөн жана дарыгерлерге жүрөгү ооруй тургандыгын айткан. Ошондой эле анын буттарынан гематомалар табылган.
Абакка "Тез жардам" кызматы келип, эс-учун жоготкон жаран каза болуп калганы маалым болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал курч жүрөк кемтиги оорусунан каза болгон.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды. Ал эми маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүп берилди.