“Үйдө жалгыз” фильминдеги ролу үчүн дүйнөдө популярдуу болгон америкалык актёр Маколей Карсон Калкин Нью-Йорк шаарында 1980-жылы туулган. Ал 4 жашында эле жарнамалык роликтерге тартыла баштаган. 6 жашынан баштап фильмдерге чакыруулар түшкөн.
Анын тартылган фильмдеринин эң эле популярдуусу “Үйдө жалгыз” фильми. Маколей 6 жашынан 14 жашына чейин абдан көп тасмаларга тартылып, өзүнө эле эмес, үй бүлөсүнө жетээрлик акча топтойт да, тасмага тартылуусун токтоткон. Ал ошол мезгилде мындан ары кино дүйнөсүнө такыр кайтып келбөөнү ойлойт. Бирок, 2004-жылы 10 жылдан кийин “Кеченин жырткычы” деген фильмге тартылуу менен актёрдук кесибине кайрадан кайрылып келген.

Маколей Калкин тартылган белгилүү тасмалар “Үйдө жалгыз” ("Один дома") (1990), "Менин кызым" ("Моя дочь") (1991), “Үйдө жалгыз 2: "Нью-Йоркто жоголгондор” ("Один дома 2: Потерянный в Нью-Йорке") (1992), "Жакшы уул" ("Хороший сын") (1993), "Бай Ричи" ("Богатенький Ричи") (1994) ж.б.