Ала-Арча суусуна балык уулоого кеткен 51 жаштагы жаран үч күндөн бери изделүүдө

Чүй облусундагы Ала-Арча суу сактагычында үч күндөн бери дайынсыз болуп жаткан жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалым болгондой, 24-август күнү 51 жаштагы И.У.К. аттуу жаран балык уулоого кетип, кайра кайтып келбегендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Ошол эле күнү жеринде издөө иштери жүргүзүлүп, суунун жээгинде анын кийимдери табылган.

"Бүгүн издөө иштерин улантууга 6 куткаруучу тартылды. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан