Ошто телефон уурдоого шектелип 40 жаштагы жаран кармалды

Ош шаарында күч колдонуу менен жарандын уюлдук телефонун алып, из жашырып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 26 жаштагы аял киши арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси 23-август күнү жумуштан соң үйүнө кирип бара жаткан учурда белгисиз жаран күч колдонуу менен Samsung Galaxy A12 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, изин суутуп кеткенин билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси "Тоноо" менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган М.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Маалыматта ал мурда бир нече жолу уурулук жасагандыгы үчүн соттолгондугу айтылат.

Эгерде сүрөттөгү жарандан зыян тарткандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(322) 266-402.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан