
Ысык-Көлдө бир айга чукул убакыттан бери дайынсыз
болуп жаткан 22 жаштагы Кытай жаранынын сөөгү 25-август күнү Каракол капчыгайындагы суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2000-жылы туулган Кытай жараны Сай Тун Бишкек шаардык гуманитардык университетинин 3-курсунун студенти болгон. Анын жоголгондугу тууралуу алгач маалымат ИИМге 1-августта түшүп, милиция тарабынан издөө иши 18-августка чейин уланган.
25-август күнү саат 15:59да Каракол капчыгайындагы сууда жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине саат 16:05те 5 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер тартылып, суудан Кытай жаранын сөөгү чыгарылып, саат 18:16да РИИБге өткөрүлүп берилген.