"Кыргыздарга "смотрящий" болгон". Москвада опузалап акча талап кылууга шектүүлөр кармалды

Москва шаарында мекендештеринен опузалап акча талап кылып жүргөн делген шек менен эки кыргызстандык кармалды. ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, шектүүлөр 23-августта мекеменин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен колго түшүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары издөөдө жүргөн.

“Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында ишкерлик кылган өз мекендештеринен опузалап акча талап кылуу, уурдоо менен алектенген туруктуу уюшкан кылмыштуу топ иш жүргүзүп келген. Ушул жылдын май айында алар Кыргызстандын жаранын бычак менен коркутушуп, күч колдонуп, унаага салып белгисиз тарапка алып кеткен. Андан соң аны батирде кармап, 1 миллион рубль талап кылып, сабап, 78 миң рубль акчасын алып коюшкан. Эртеси алар жабырлануучунун 65 миң рублга бааланган мүлкүн тартып алышкан", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 126,163-беренелери (адамды уурдоо, опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр 23-август күнү Москва шаарынын аймагынан кармалышкан.

Алар Талас облусунун 1993-жылы туулган М.Э. аттуу тургуну. Алынган маалыматтар боюнча, кармалган жаран “Савалев” базарындагы кыргыздар үчүн “смотрящий” криминалдык статуска ээ. Ал эми экинчи шектүү Жалал-Абад облусунун 2000-жылы туулган тургуну Н.Ж. уулу.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул фактылар иликтенип, алардын мурда жасалган башка оор кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө. Алар буга чейин кармалган кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болушат.

Буга чейин маалымдалгандай, ушул жылдын июнь айында Москвада “криминалдык авторитеттин” тапшырмасы менен иш алып барган уюшкан кылмыштуу топ кармалган. Алар ишкердик менен алектенген жарандарга акча талап кылып, көзөмөл уюштурууга аракет кылышкан. Кылмыштуу топту Нарын облусунда 1988-жылы туулган А.А. башкарып келген. Ал мурда бир катар оор кылмыштар үчүн соттолгон жана Карагер каймана аты менен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Кылмыштуу топтун 7 мүчөсүн кармоо операциясы ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан