Ош облусунун Араван районунун Бирлик айылында жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 24-августта саат 02:30 чамасында Бирлик айылынын Ак-Шар көчөсүндө Араван районунун 40 жаштагы тургуну М.А.ны белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү денесинен жараат алып, Араван райондук ооруканасына жеткирилген.
Шектүү катары ошол эле күнү 1956-жылы туулган О.М. аттуу Араван районунун тургуну Шевроле-Спарк үлгүсүндөгү унааны башкарып жүргөн жеринен кармалган.
Унаа убактылуу айып короого токтотулду. Азыркы учурда тийиштүү эспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.