Жалал-Абадда алтын өндүрүүчү компаниянын башкы директору алтынды мыйзамсыз ташууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Билдирүүгө таянсак, УКМК Жалал-Абад облусундагы Башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин "коррупция" менен Чаткал районунун жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Алар «О.Т.» ЖЧКсынын кызматкерлери менен биргеликте алтын казуудагы мыйзамсыз иштерди жана алтын чайкоону жашырып жүрүшкөн.
Такталгандай, «О.Т.» фирмасы алтын кенин иштетүү боюнча өз ишин жүргүзүүдө, алтынды казып алуу максатында лицензиялык аянттын чек арасын бузуп, кийинчерээк оор жүк ташуучу унааларды токтотуучу жай катары колдонушкан. Мындан улам мамлекетке экологиялык жана экономикалык зыян келтиргендиги аныкталган.
"О.Т." ЖЧКнын кызматкерлеринин эсепке алуусуз жана тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөй мыйзамсыз казылган алтынды ташуу жана сатуу аракети аныкталып, ал ишине бөгөт коюлду. 26-августта Чаткал-Бишкек багытында бара жаткан «Сосновка» постунан салонунда ЖЧКнын жетекчиси жана анын кызматкерлери 1 жарым килограммга жакын мыйзамсыз казылып алынган алтынды ташып бара жаткан Лексус GX 470 үлгүсүндөгү унаа токтотулган.
Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштин алкагында «О.Т.» компаниянын башкы директору Кыргыз жараны Д.Т.Э. кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусунун тергөө камак жайына киргизилди", - деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.
Учурда тергөө иштери уланууда