Чүй облусунун Москва РИИБинин тергөө кызматынын кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Белгиленгендей, кармалган милиция кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен К.И.К. аттуу жарандан сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын токтотуу үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча алууга аракет кылышкан.
Натыйжада К.И.К. аттуу жаран Москва РИИБинин кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен УКМКга кайрылган. 17-августта Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси "опузалап пара талап кылуу" боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталган.
Аталган факты боюнча 26-августта кызматтык бөлмөсүнөн белгиленген сумманын бир бөлүгүн, тагырагы 70 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурунда Москва РИИБинин тергөө кызматынын Э.А.К. жана А.А.К. аттуу тергөөчүлөрү кармалды.
Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.