Бүгүн, 27-августта Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өтүп, 140 куб таштанды чыгарылды. Бул туурасында шаардык мэриянын маалымат борборунан билдиришти.
Билдирүүгө таянсак, ишембиликке шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин орун басарлары баштаган калаадагы баардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, билим берүү жана медицина кызматкерлери, шаар тургундары катышты.
Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу бактары, жол жээктери, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасы тазаланды. Жыйынтыгында шаар аймагынан жалпы 140 метр куб таштанды чыгарылды.