Чүйдө аскердик унаа жол кырсыгына кабылды (видео)

Социалдык тармактарда Аламүдүн районунда ант берүү салтанатына барган аскердик унаа кырсыкка кабылганы тууралуу видео тарады.

Буга байланыштуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына байланышканыбызда, маалыматты тастыкташты.

Ага ылайык, бүгүн, 27-августта саат 12:40 чамасында Арашан Кой-Таш унаа жолунун 7- чакырымында түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып МАЗ-5334 үлгүсүндөгү аскердик унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдун оң жагына чыгып бакты сүзгөн.

Жаракат алгандар тууралуу кошумча маалымат берилет.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан