Америкалык атактуу UFC мушкери Жастин Гэйтжи Рафаэль Физиев менен беттешүүдөн баш тартты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, UFC уюму Жастин Гэйтжиге 12-декабрь күнү өтө турган UFC 282 турниринде Рафаэль Физиевге каршы беттешүүнү сунуштаган. Бирок америкалык мушкер ирландиялык Конор Макгрегор менен беттешкиси келип жатканын айтып, бул сунуштан баш тарткан.
Эске салсак, 29 жаштагы Физиев UFC уюмунда алты беттеште катары менен жеңишке жетишти. Акыркы беттешинде ал жеңил салмактагы UFC уюмунун мурдагы чемпиону Рафаэль дос Аньосту жеңип алган. Ал эми 33 жаштагы америкалык мушкер чемпиондук наам үчүн эки жолу беттешип, эки жолу тең ийгиликке жеткен эмес. Акыркы беттеште бразилиялык Чарльз Оливейрага утулуп калган.