Борбордо оюн кызматтарын көрсөткөн баш аламан соода жайлары жоюлду

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда оюн кызматтарын көрсөткөн баш аламан соода жайлары кайрадан жоюлду. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, рейдге вице-мэр Нурдан Орунтаев, Биринчи Май районунун акими Максатбек Сазыкулов, акимчиликтин экономика жана каржы бөлүмүнүн, борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын, көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын адистери, ошондой эле МАБдын өкүлдөрү катышты.

Кезектеги рейддик иш-чара Эмен сейил багында уруксат берилбеген жеңил объектилерге жана оюн конструкцияларына өткөрүлгөнү маалымдалат.

"Администрациянын кызматкерлеринин талап кылган мыйзам боюнча рейд учурунда "баш аламан соодагерлер" каршылык көрсөтүп, бул чыр-чатакка алып келди. Ага карабастан 4 балмуздак муздаткычы, 1 күч өлчөгүч, 3 батут, 2 жыгач оюн комплектиси демонтаждалып, баш аламан соода түйүндөрүнүн ээлерине протоколдор түзүлдү", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин акимчилик тарабынан аталган курулуштардын ээлери менен мыйзамдуу түрдө атайын бөлүнгөн жерлерге орнотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин сатуучулар кайрадан "мыйзамсыз" жайларга кайтып келишкен.

20-июндан баштап Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 25-мартындагы №71-б “Бишкек шаарынын аймагында белгиленбеген жайларда соода жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө” токтомунун негизинде Биринчи Май районунун аймагындагы сейил бактарда, скверлерде, тротуарларда, бульварларда жана башка ушул сыяктуу жайларда батут колдонууга толук кандуу тыюу салынганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан