Кадамжайда Өзбекстанга 5 миң литр дизель майын мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды

Өзбекстанга 5 миң литр дизель майын мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Кадамжай унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары өлкөдөн мыйзамсыз түрдө дизель майын алып чыгып бараткан 1990-жылы туулган Өзбекстандын жараны М.Д.ны кармашкан.

Текшерүү учурунда чек арачылар техникалык шарттарда көрсөтүлбөгөн жашыруун колго жасалган бак табышкан. Анда айдоочу 5 миң литр дизель майын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Ал дизель майын андан ары сатуу үчүн Өзбекстанга алып кетмекчи болгон.

Кармалган жаран, ошондой эле унаа жана күйүүчү-майлоочу майлар иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилгени маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан