Бишкекте жаза аткаруу тутумунун ардагерлери сыйланды

Бишкектеги №47 түзөтүү мекемесинин ардагерлери сыйланды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы чайканалардын биринде №47 түзөтүү мекемесинин карыларын сыйлоо аземи болуп өттү.

"Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнү жана Эгемендүүлүк күнүн утурлай ардагерлер Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы, генерал-майору Аскат Эгембердиев, ардагерлер кеңешинин төрагасы, отставкадагы полковник Алибай Нишанбаев жана анын орун басары, отставкадагы полковник Тургунбек Токтосунов келип куттуктады.

Жаза аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде көп жылдар бою үзүрлүү кызмат өтөп, Кыргызстандын пенитенциардык тутумунун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн ардагерлер ЖАКнын Ардак грамоталары, "Ардагер", "Кадыр", "Мыкты Айым" медалдары менен сыйланды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан