"Байгелерди тааныштарына берип". Баткенде мыйзамсыз лотерея ойнотулганы аныкталды

Баткен облусунда "Баткен күчү" аттуу лотереяны мыйзамсыз өткөрүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, лотереянын уюштуруучусу Х.у.Н аттуу жаран болгон. Оюндун ар бир турунда орточо байге фонду 5 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин болсо, ал эми ойнотулган билеттердин саны 2800 даананы түзгөн.

"Лотереянын уюштуруучулары унааларды жана башка байгелерди ойнотууда катышуучуларды алдашкан. Тактап айтканда, лотереянын жеңүүчүлөрү катары өздөрүнө тиешеси бар адамдарды колдонуу фактылары аныкталган. Бирок байгелерди уюштуруучулар өздөрүнө ыйгарып алышкан. Азыркы учурда башка мыйзамсыз лотереялык ишмердүүлүктү уюштуруучуларга карата тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деп билдиришти УКМКдан.

Ошондой эле лотереянын уюштуруучуларын тинтүү учурунда 800 миң сом, банктык карталар, транспорт каражаттарын пайдаланууга ишеним каттар табылган. Мындан тышкары байге катары ойнотулат делген 7 унаа убактылуу унаа токтоочу жайга коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан