"Бети-башы кызыл жаян кан". Бишкекте чала таанышын сабаганга шектүүлөр кармалды (видео)

Бишкекте чала таанышын ур-тепкиге алууга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Свердлов РИИБинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Д.М. аттуу борбор калаанын тургуну 30-июлда түнкү саат 03:00 чамасында чала тааныш жигиттер ур-тепкиге алганын айтып, арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2003-жылы туулган Т.Ж. жана 2004-жылы туулган Р.Э. аттуу жарандар шектүү катары кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин интернет айдыңында караңгыда жерде жаткан жаранды белгисиз кишилер ур-тепкиге алып жаткан видео тараган.

Эскертүү: Видеодо этикага туура келбеген сөздөр бар!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан