Кадамжайда жол кырсыгына кабылган унаадан тапанча менен баңгизат табылды

Кадамжайда жол кырсыгына кабылган унаадан ок атуучу курал менен баңгизат табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-августта саат 04:00 чамаларында Кадамжай районунун “Ош-Баткен-Раззаков” жолунун 126-чакырымында жол кырсыгы катталган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып кароо жүргүзүшүп жаткан учурда ал жерге Деу Нексия үлгүсүндөгү унаа келип токтоп, ичинен эки жаран түшүп, жол кырсыгына кабылган унаа өздөрүнө таандык экенин билдиришкен.

Алардын кыймыл-аракетинде шек санаткан белгилер бар болгондуктан Кадамжай РИИБинин кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, жогорудагы унаанын бардочогунан “ПМ” үлгүсүндөгү тапанча эки кутучасы (магазин), 16 даана огу жана баңгизат деп болжонгон бир даана синтетикалык зат табылып алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүмү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары Жалал-Абад шаарынын тургуну, 27 жаштагы Ю.Ф.М. кармалып, Кадамжай РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан