Бишкекте жүзүнө жасаткан операциянын жыйынтыгына нааразы болгон жаран милицияга кайрылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 25-августта Ленин РИИБине К.А. аттуу аял "Ош базарынын" аймагындагы “Н.” аттуу чала тааныш кызына чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал 23-февралда “Ош базарынын" аймагындагы косметологиялык клиникалардын биринен бетине операция жасатканын жана жыйынтыгы күтүлгөндөй болбой, жүзүндө так калып калгандыгын айткан.
Бул факты боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.