Баткенде оор кылмышка шектелгендер кармалды

Баткен облусунда оор кылмыштарга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургундарынан турган адамдардын тобу мыйзамга каршы иш-аракеттерди жасады деп шектелүүдө. Бул топтун бардык катышуучулары диний агымдардын бирине берилген. Алардын лидери, руханий насаатчысы "Абу Нур" деген лакап ат менен белгилүү Г.К аттуу жаран экени аныкталган.

"Алар жарандарга ири өлчөмдө материалдык зыян келтирип келишкен, анын ичинде үйлөрдүн ичине кирип, бир нече миллион сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын уурдашкан. Шектүүлөр андан башка дагы кылмыштар боюнча шектелип тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, бул адамдардын тобу укук коргоо органдарынын кызматкерлерине баш ийбөө жана каршылык көрсөтүү менен байланышкан башка укукка каршы аракеттерди жасашкан деп шектелүүдө.

Милиция кылмышка шектүүлөрдүн жашаган 3 дарегине уруксат берилген тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.
Бул топ Кызыл-Кыя шаарында жашап, алардын экөө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда тураары аныкталган.

Соттун чечими менен бул кылмыштуу топтун мүчөсү болгон үч адамга карата камакка алуу бөгөт чарасы тандалды. Учурда, тергөө ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда", - деп жазылган маалыматта.

Баткен
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан