Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ленин чокусунда эки адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-август күнү Ленин чокусунун деңиз деңгээлинен 6 100 метр бийиктикте орусиялык альпинист 1984-жылы туулган Георгий Веселовский жана 1981-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну Вячеслав Шейко каза болгон. Маркумдар тууралуу кабар Чоң-Алай РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча алар сууктан каза болгону айтылууда. Аталган фактыны Чоң-Алай райондук милициясы каттоого алып, тергөө иштерин баштады. Учурда тергөө тобу тарабынан маркумдардын сөөгүн чокудан алып түшүү иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, Ленин чокусу Кыргызстан менен Тажикстандын арасында жайгашкан Чоң-Алай кырка тоосунун борбордук бөлүгүндөгү эң бийик чоку. Бийиктиги боюнча (7134 метр) Кыргызстанда Жеңиштен кийин экинчи, КМШда үчүнчү орунда турат.