Бишкекте үч күндө эки унаа уурдаганга шектелип 3 жаран кармалды

Бишкекте бир нече унаа уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, милицияга 23-августта С.Ж. аттуу жаран ошол эле түнү Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кеткенин айтып, арыз менен кайрылган. Ошондой эле 25-августта А.Б. аттуу жаран 24-августтан 25-августка караган түнү Көк-Жар кичи районунда токтоп турган Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кеткенин билдирген.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жогорудагы кылмыштарга шектүү катары 2002-жылы туулган Ж.М., 1994-жылы туулган У.Э. жана О.Б. аттуу жарандар кармалып, №1 тергөө абагына камакка алынды.

Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча иликтөө иш-чаралары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан