"Чикатило" сериалынын продюсери Дмитрий Большаков полиция кызматкерлерине пара бергени үчүн 5 жарым жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кино тартуу үчүн Большаков Москванын борборундагы көчөнү тосуп беришкен полиция кызматкерлерине 400 миң рубль пара берген. Кино тартылган жер Орусиянын федералдык кызматынын көзөмөлүндө болгон. Башкармалыктын кызматкерлери өз аймагында кино тартуучу топту көрүп, тасма тартууга уруксат берүүчү документти талап кылышкан.
Текшерүүдөн кийин полиция кызматкерлери жана продюсер камакка алынган. Сот Большаковду 5 жарым жылга, пара алган полиция кызматкерлеринин бирин 7 жарым, дагы бирин 8 жарым жылга эркинен ажыраткан.