Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында волейбол боюнча эркектер арасындагы Азиянын чакырык Кубогу старт алды.
Кубокко Өзбекстан, Сауд Арабия, Кыргызстан жана Монголия курама командалары катышууда. Биринчи күндүк оюнда Кыргызстан менен Монголия кез келип, Монголия 0:3 эсебинде жеңишке жетти.
Кийинки оюнун Кыргызстан бүгүн, 30-августта Өзбекстан курамасына каршы өткөрөт.
23-27-июль күндөрү Бишкекте өткөн Борбор Азиянын чакырык Кубогунда Кыргыз курама командасы чемпион аталган.