Ысык-Көлдө мектептин курулуш материалдарын уурдаганга шектүү жаран кармалды

Ысык-Көлдө жаңы салынып жаткан мектептин курулуш материалдарын уурдаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-август күнү милицияга Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылынын А.К. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылында инвесторлор тарабынан каржыланып салынып жаткан мектепте турган 70 даана тактай, 3 миң кирпич, 60 метр кабель жана цемент аралаштыруучу аппараттын моторлору белгисиз адамдар тарабынан уурдалганы жөнүндө маалымдаган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 54 жаштагы М.С. аттуу ошол эле Кара-Талаа айылынын тургуну кармалган. Тергөөдө шектүү күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.

Жабырлануучу тарапка келтирилген материалдык зыян 100 миң сомду түзгөн. Бүгүнкү күндө кылмыш иши боюнча далил заттар алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан