Кыргыз Эл артисти Күмөндөр Абылов бүгүн, 30-августта 64 жашка толду.
Көргөндө эле адамдын жүзүнө жылмаюу тартуулаган куудул Абылов Күмөндөр Мукулович 1958-жылы Нарын облусунун Тянь-Шань районуна караштуу Учкун айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Токмок шаарындагы маданият окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүнө тапшырган.


1976-1978-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1989-жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр-институтунда "Театр жана кино актёру" бөлүмүндө сырттан окуган. 1993-жылы 3-декабрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наамын ыйгарышкан. 2000-жылдан тартып Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актёр болуп эмгектене баштаган.
Маданият тармагындагы жемиштүү жетишкендиктери үчүн 1981-жылы "Жылдын мыкты актёру", 1984-жылы Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон. Андан кийин Эл артисти наамы менен сыйланган.
Күмөндөр Абылов балалыгы жөнүндө бир нече кызыктуу окуяларын эстеп айып берип келет. Ал балалык дегенде эле көбүнчө ууланганын эстээрин, бала чагында бир эмес, жети-сегиз жолу ууланганын айтып бергени бар. Ошондой эле ал айына жетпей төрөлгөнүн айтат:
"Мен төрөлгөндө каш, чач, тырмак, кирпик деген таптакыр жок болчу экен. Азыр 7 айлык балдарды көрүп эле жүрөм анчалык эмес. Ошондон улам мен 7 айга деле жетпей төрөлсөм керек деп ойлоп коём. Пениццилиндин шишесине куюлган сүттү эки уурттап эле чарчап калчу экенмин", - дегени бар. Маекти толугу менен окуу үчүн
шилтеме.
Күмөндөр Абылов чыгармачылыкта бир гана куудул эмес, актёр катары дагы бир катар спектаклдерде, бир топ кинолордо роль жаратып келет.
Ал эми чыгармачылыгына саресеп салган артисттин маеги бул
шилтемеде.
ҮЙ-БҮЛӨСҮ
Күмөндөр Абылов жубайы Жамила экөө студент кезинде баш кошушкан. Агайдын
"Гастролдо жүрүп балдарымдын кандай чоңойгонун деле билбей калдым, бир күнү келсем төрөлгөн болот, бир күнү келсем күлүп калат, бир күнү келсем жөрмөлоп жүргөн болот, андан кийин келсем басып калган болот" деп айтканы бар.

30 жылдан ашуун убакыттан бери жубайлар 2 уул, 2 кызды тарбиялап, эрезеге жеткиришкен. Учурда уул-кыздарынын төрүндө небере жыттап, бактылуу карылыктын доорун сүрүшүүдө.