Таласта ири партиядагы ооган тектүү баңгизат менен Казакстандын жараны кармалды

Таласта эл аралык баңги топтун мүчөсү болгон Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын сентябрында жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Чүй облусунун аймагынан эки Кыргыз жараны кармалып, алардан жалпы салмагы 10 килограмм ооган тектүү гашиш баңгизаты табылган.

"Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган баңгизатын Талас облусунун Казакстан менен чектеш аймагынан К.Б. аттуу Казак жараны өз өлкөсүнө контрабандалык жол менен алып кирип сатууга аракет кылгандыгы аныкталды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 28-августта "Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунан чек араны кесип өтүү учурунда шектүү кармалып, ал УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарынын ичинен бул баңги каналынын башка уюштуруучуларын аныктоо боюнча комплекстүү издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан