Алдамчылык аракеттери үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн жаранды кармашты.
Кылмыш ишинин алкагында Октябрь районунун сотунун токтомунун негизинде, Жалал-Абад облусунун жашоочусу К.С. аттуу жаранга карата издөө жарыяланган. Ички иштер органдары тарабынан издөөдө жүргөн жарандын кайда экендигин аныктоо жана аны кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлө баштаган.
Жогоруда көрсөтүлгөн жаран бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Шектүүнү кармоо иш-чарасы Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн.