Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук соту 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча үч айыпталуучуга карата өкүм чыгарат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучу тараптын жактоочусу Тимур Султанов билдирди.
Анын айтымында, судья чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти. Процесске Азис Эшалиев төрагалык кылууда. Маалым болгондой, процесстин бардык катышуучулары сөз сүйлөп, күбөлөр суралып, кылмыш ишинин материалдары изилденген.
Эске салсак, 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча сот 8-июлда башталган. Буга чейин отурумдар ар кандай жүйө менен бир нече ирет жылдырылып келген. SUPER.KG порталына 13 жашар секелектин ата-энеси кызын 2 милиция кызматкери жана 2 жөнөкөй жаран жарым жылдай зордуктап жүрүшкөнүн айтып беришкен. Алардын айтуусунда, мындай көрүнүш өткөн жылдын август айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланган.
Бул кылмышка шектелип эки милиция кызматкери жана “Дордой” базарында күзөтчү болуп иштеген жаран кармалган. Ал эми зордуктоого шектелген төртүнчү жарандын иши Биринчи Май райондук сотунда каралууда.