
Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 29-августта саат 23:47де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Кара-Суу районунун Сары-Колот, Кызыл-Сеңир, Отуз-Адыр, Правда, Мады, Савай айылдарында 3 баллга, Өзгөн районунун Куршаб айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.