Садыр Жапаров оюнчу катары стадионго чыкты (видео)

Бүгүн, 30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын оюндун алдында өлкө башчы Садыр Жапаров стадионго чыгып сөз сүйлөдү. Футбол ардагерлери менен КМШ өлкөлөрүнүн футбол легендалары беттешүүдө.
Өлкө башчы 11-катар саны менен оюнга чыгат. Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш түз эфирде көрсөтүлөт.

КМШ өлкөлөрүнөн келген футболдун ардагерлеринин командасында Ринат Дасаев, Дмитрий Аленичев, Александр Азимов, Егор Титов, Хорен Оганесян, Марат Кабаев, Мухсин Мухамадиев, Евгений Алдонин, Эрик Яхимович жана башкалар бар.

Кыргызстандын футбол боюнча ардагерлеринин курамасында: Владимир Орешин, Закир Жалилов, Комол Тайчиев, Сергей Фокин, Нематжан Закиров, Ясын Мусаев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Сергей Лисичкин, Вячеслав Прянишников жана башкалар. Команданын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов.

Садыр Жапаров оюн талаасына чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан