Бүгүн, 30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол ардагерлери менен КМШ өлкөлөрүнүн футбол ардагерлери беттешти.
Оюнда КМШ өлкөлөрү 3:2 менен алдыда келе жаткан. Беттеш бүтөрүнө 1 мүнөт калганда өлкө башчы Садыр Жапаров экинчи голун жаратып, Кыргыз курамасын жеңилүүдөн сактап калды. Беттеш 3:3 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.